Алмазбек Атамбаевди №27 абакка которушту  

  • 2 года мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Молдовановкадагы №27 колонига которушту.

Бул тууралуу Алмазбек  Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Канат Сагымбаев Фейсбук баракчасында билдирди.   

Буга чейин Алмазбек Атамбаев №47 колониядан башка жакка которуу өтүнүчүн билдирген.   

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 2020-жылдын октябрь окуялары боюнча соттук териштирүү өтүп жатат. Бүгүн Алмазбек Атамбаевди сотко алып келишкен жок.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаевге «Батукаев иши», Кой-Таш окуялары, Октябрь окуялары боюнча, мындан тышкары кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо, Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз жазып берүү өңдүү айып коюлган.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Атамбаев жакында 11 жылга эркинен ажыратылды. Калган иштер боюнча сот уланууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты