Алмаз Тажыбай уулу: “ЖМКга каршы мыйзамдарды чыгарып жатышат”

  • 4 месяца мурун

Саясий талдоочу Алмаз Тажыбай уулу бүгүнкү күндөгү журналисттердин үйүн тинтип, аларды суракка алуу, жапырт баш-аламандыкка чакырык айыбын тагуу боюнча пикирин билдирди.

-Демократияны эмес, авторитаризмди эл колдогон, шайлаган, Конституцияны кабыл алган, ошонун жемишин көрүп жатабыз. Жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы мыйзам долбоорун чыгарып жатышат, мындайча айтканда, веб-сайттарды ЖМК катары каттоого алуу аракеттери. Түндүк Кореядай кылып эле, Интернетти алып салса эле, ЖМКнын кереги жок болуп калат, -деди саясат талдоочу Алмаз Тажыбай уулу.  

16-январдын таңында «Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медиа” медиасынын жана “ПолитКлиника” басылмасынын журналисттеринин үйүндө тинтүү болуп, укук коргоо кызматкерлери аларды суракка алып кетти.

Сүрөттө: Алмаз Тажыбай уулу. Интрнет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты