Алматынын жанында Алатау шаары пайда болду

  • 4 месяца мурун

Алматы облусунун Жетиген айылы Алатау аталышындагы  райондук маанидеги жаңы шаарга айландырылды. Тиешелүү жарлыкка Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койду.

2022-жылга карата Жетиген айылында 25 миңден ашык адам жашаган. Калктуу конуш Алматыдан 47 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жаңы Алатау шаары атайын экономикалык аймакка кирди.

Шаардын жалпы аянты 88 миң гектарды, калкынын саны 52,7 миң адамды түзөт. Эркин экономикалык аймакта жалпы суммасы 12,5 триллион теңгеге 170тен ашык долбоорду ишке ашыруу, 110 миң жаңы жумуш орундарын түзүү пландаштырылууда.

Казакстандын Улуттук экономика министрлиги жаңы шаар жол, инженердик жана социалдык инфраструктураны жаңылоого мүмкүндүк берет деп ишендирүүдө.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты