Алматыдан 150дөн ашык Кыргызстандын жараны алынып келинди
- 3 года мурун
Казакстандын Алматы шаарынан 150дөн ашык кыргызстандык эвакуацияланды. Алар ушул тушта кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол» өткөрмө бекетинен өтүп жатат.
Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов эвакуациялангандар автобус менен Бишкекке жеткирилерин билдирди.
Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 6-январда 20, 9-январда 29 кыргыз жараны мекенине алынып келингенин кабарлаган.
Муну бөлүшүү