Алматыда Путиндин келишине каршы чыккан активисттер кармалды

  • 2 года мурун

Алматы шаарында полиция кызматкерлери Орусия консулдугунун алдына нааразылык акциясына чыккан төрт активистти кармап кетти.

Акциянын катышуучулары орус президенти Владимир Путиндин 12-октябрга белгиленген Астанага сапарына нааразылык билдирүү үчүн чыгышкан. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматы кабарлады.

Митингге чыккандар Орусия консулдугунун имаратына жетип, талаптарын айтууга үлгүрүшкөн жок. Жолдо аларды полиция кармап, автозакка салып кетти.

Полиция кармоонун себебин түшүндүргөн жок.

12-14-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Астанада болору кабарланган. Бул арада соцтармактарда Путиндин Казакстанга келишине каршы чыккандар көбөйүүдө. Укук коргоочулар, саясатчылар жана жөнөкөй жарандар Украинадагы согушту айыптап, сапарды жокко чыгарууну талап кылууда. Казак аткаминерлери Путиндин сапары өтө маанилүү экенин белгилеп жатышат.

Астанада 13-октябрда Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 6-саммити, 14-октябрда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны, ушул эле күнү «Борбор Азия – Орусия» форматындагы 1-саммит болот.

Сүрөт:: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты