Алматыда президенттик шайлоо күнү 30га жакын киши кармалды

  • 1 год мурун

Казакстанда жекшемби күнү бир катар оппозициялык топтор мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоого каршы нааразылык билдиришти.

Журналисттер буга чейин митинг өтөрү айтылган Алматы шаарындагы «Астана» аянтында бери дегенде эле он кишинин кармалганына күбө болушкан.

Oyan, Qazaqstan! кыймылынын бир нече мүчөсү Алматыдагы «Республика» аянтына чогулган. Байкоочулардын маалыматына караганда, полиция 10 активистти кармап кетти. Алардын тизмесин Oyan, Qazaqstan! өзүнүн telegram-каналына жарыялады.

Жекшемби күнү эртең менен Алматы полициясы каттоодон өтпөгөн «Казакстандын демократиялык партиясынын» бир нече активистин кармап кеткен. Алар Абайдын эстелигинин алдына мөөнөтсүз президенттик шайлоону токтотуу талабы жазылган плакаттарды кармап чыгышкан.

«Власти» басылмасынын эсебине ылайык, Алматы шаарынын митинг өтөрү айтылган үч жеринде кармалгандардын жалпы саны түшкү саат экиге карата 30 кишиге жеткен.

Мындан тышкары Астана шаарындагы «Жастар» ордосунда да бери дегенде эле эки киши кармалганы, алардын бири активист Галия Тамабаева экени кабарланды.

Полиция шайлоо күнкү кармоолор боюнча комментарий бере элек.

Буга чейин чет өлкөдө жашап жүргөн оппозициялык саясатчы Мухтар Аблязов жарандарды кезексиз президенттик шайлоого жана инфляциянын өсүшүнө каршы митингдерди өткөрүүгө чакырган. Ал негиздеген «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылы Казакстанда «экстремисттик» деп табылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Кечээ, 20-ноябрда, Казакстанда президенттик шайлоо өттү. Казакстандагы «Ачык коом» институтунун экзит-поллуна ылайык, 20-ноябрдагы президенттик шайлоодо Касым-Жомарт Токаев добуштардын 82,45 пайызына ээ болду.

Экинчи сапка 5,2% менен «Баарына каршы» деген графа чыкты. Талапкерлер Жигули Дайрабаев 3,33%, Каракет Абден 2,54%, Мейрам Кажыкен 2,23%, Нурлан Ауесбаев 2,17%, Салтанат Турсынбекова 2,08% добуш топтоду.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты