Алматыда оорукананын кан куйдурган бейтаптарына ВИЧ-инфекциясы жуккан

  • 11 месяцев мурун

Алматы шаарынын Борбордук клиникалык ооруканасында беш бейтапка ВИЧ-инфекциясы жукту. Бул тууралуу BES.media telegram-каналы кабарлады.

Шаардын коомдук саламаттык башкармалыгы үч кишиге ВИЧ жукканын ырастады.

Маалыматка караганда, бейтаптар кан куйдургандан кийин саламаттык сактоо министринин буйругу менен бир айдан кийин ВИЧ-инфекциясына анализ тапшырууга милдеттүү. Аларга ВИЧ жукканы ошол анализде аныкталган.

«Бул окуядан кийин атайын комиссия түзүлүп, ВИЧ-инфекциясы кайдан жукканын аныктоо боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү. Донорлор, медицина кызматкерлери жана алар менен байланышта болгон адамдар текшерилди. Жыйынтыгында алардын эч кимисинен ВИЧ аныкталган жок» деп жазылган Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын билдирүүсүндө.

13-июнда Алматынын Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Казак тери жана жугуштуу оорулар илимий борбору менен бирге ВИЧ аныкталган оорукананы текшере баштады.

BES.media телеграм-каналы белгилегендей, Алматыдагы Борбордук клиникалык оорукананын жетекчиси Ерболат Досаев Казакстандын саламаттык сактоо министри болуп турганда да 50дөн ашык балага кан куюу учурунда ВИЧ-инфекциясы жуккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты