Алматыда көп кабаттуу үйдөгү өрттөн 30дан ашык киши жабыркады

  • 12 месяцев мурун

Казакстандын Алматы шаарынын Аккент кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде чыккан өрттөн отуздан ашуун киши жабыркады.

Алардын көбү балдар экенин калаанын саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.

Тилсиз жоо 16 кабат үйдүн бешинчи кабатында тутанганын, өрт өчүрүлгөнүн, тургундарды куткаруу жана эваукация иштери жүрүп жатканын өзгөчө кырдаалдар департаменти маалымдады.

Социалдык тармактарга жарыяланган видеолордо үйдүн алдында турган адамдарды көрүүгө болот. Алар төшөк, килем жайып батирлеринен секирген тургундарды кармап калууга аракет кылып жатышат.

Өрттүн себеби жана канча аянтты каптаганы белгисиз.

Бул окуядан кийин өрт коопсуздугу боюнча эрежелердин сакталышы боюнча талкуулар кайрадан көтөрүлдү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты