Алматыда хостелдеги өрттөн 13 киши каза болду

  • 5 месяцев мурун

Алматы шаарындагы хостелде өрт чыгып, 13 киши каза болду. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматы кабарлады.

Полициянын маалыматына караганда, каза болгондордун арасында тогуз казакстандык, эки орусиялык жана эки өзбек жараны бар.

Алгачкы маалыматтарга ылайык, үч кабаттуу үйдүн биринчи кабатындагы хостелде 30-ноябрдын таңында өрт чыккан. Ал маалда имаратта 72 киши болгон. Алардын ичинен 59 адам качып чыгып, калгандары түтүнгө ууланып калган. Үч киши ооруканага жеткирилди.

Өрттү өчүрүү үчүн 13 техника тартылып, 46 өрт өчүрүүчү иштеди. Тилсиз жоонун келип чыгуу себептери иликтенүүдө.

Август айында Алматыда 16 кабаттуу үйлөрдүн биринде тутанган өрттөн бир аял каза таап, 40тан ашуун адам жабыркаган. Бул окуядан кийин өрт коопсуздугу боюнча эрежелердин сакталышы боюнча талкуулар күчөгөн.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты