Алматы шаарында  MediaCAMP Fest 2023 фестивалы өтүп жатат

  • 10 месяцев мурун

Алматы  шаарында 1-июлда жыл сайын өтүүчү MediaCAMP Fest 2023 фестивалы өтүп жатат. Фестиваль 2-июлга чейин болот.

Фестивалдын катышуучуларын Борбор Азия Internews өкүлү Марат Бигалиев куттуктады.

“Биз фестивалда Борбор Азия өлкөлөрүнүн медиа тармагынын өткөнүн, азыркысын жана келечегин кандайча көрөрүбүз тууралуу, деколонизация, журналисттердин коопсуздугу жана биздин аймак үчүн маанилүү болгон нерселер тууралуу сүйлөшөбүз. Фестивалды жыл сайын өтүүчү MediaCAMP Award конкурсу менен жыйынтыктайбыз. Бул жылы биз журналисттерден 652 иш кабыл алдык. Бешинчи фестиваль 33 ментор жана эксперттерди жыйнады, алардын 31-Борбор Азия аймагынан” деди Бигалиев.   

Алматыда өтүп жаткан MediaCAMP Fest 2023 фестивалына “ПолитКлиника” медиасынын башкы редактору Дилбар Алимова жана журналисттер Чолпонбек Сабырбеков, Чынаргүл Жумабекова жана Эркайым Асанканова катышууда. Дилбар Алимова  “ПолитКлиника” корррупциянын “вакцинасын” кантип таба алгандыгы тууралуу айтып берет.

Сүрөттөр: «ПолитКлиника» медиасы.

   

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты