Алмамбет Шыкмаматов ЭТТКны кайра карап чыгууну сунуштады
- 3 месяца мурун
Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) колдонуу боюнча талапка карата өзүнүн позициясын билдирди.
Салык кызматынын башчысы белгилегендей, ЭТТКны ишке киргизүүнүн максаты бизнестин ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана товарлардын көмүскөдө жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү болуп саналат. Бирок, бул системанын методологиясы жана концепциясы бизнестин, айрыкча чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүнүн көптөгөн адилеттүү даттанууларын жаратат.
“Бүгүнкү күндө ЭТТК системасында тиш чукугучтан баштап мунай заттарга чейинки 13 миңден ашык ар кандай товарлардын аталышы бар. Мындай кадам суроолорду жана сын-пикирлерди жаратпай койбойт, анткени товарлардын кеңири спектрин камтуу ишкерлер, айрыкча чакан жана орто бизнес үчүн олуттуу кыйынчылыктарды жаратууда. Менимче, мындай жалпыланган кадам натыйжасыз болуп саналат жана кайра карап чыгууну талап кылат» деди Шыкмаматов.
Анын пикири боюнча, көмүскөдө жүгүртүү тобокелдиктери кыйла жогору болгон товарлардын айрым тизмеси үчүн гана ЭТТКны киргизүү рационалдуу жана логикалык жактан туура болот.
Булар мунай заттар, алкоголдук ичимдиктер жана тамекилер, ошондой эле дары-дармек жана медициналык буюмдар, ал эми башка товарларды ЭТТКдан бошотуу керек.
«Албетте, бул тизмеге биз Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы өзүбүзгө алган милдеттенмелерге ылайык келген башка товарларды да кошууга болот» деп белгиледи салык кызматынын башчысы.
Ал салыктык башкаруу түйшүк жаратпастан, ыңгайлуу жана бардык ишкерлер үчүн түшүнүктүү болушу керек экендигин баса белгиледи.
«Жаңы системаларды жана чараларды иштеп чыгууда бизнести өнүктүрүү үчүн пайдалуу жана натыйжалуу шарттарды түзүү үчүн ишкерлердин да пикирин активдүү эске алуу маанилүү. Кантсе да, биз жөн гана катуу көзөмөлгө жана жөнгө салууга умтулбастан, бизнестин муктаждыктарын жана кыйынчылыктарын угууну үйрөнүшүбүз керек» деп белгиледи Салык кызматынын төрагасы.
Мындан сырткары, ал “Жол фондун” түзүүгө кете турган күйүүчү майдын ар бир литри үчүн бир сом киргизүүнүн алкагында, кош салыктан качуу үчүн транспорттун бардык түрүнө салынуучу мүлк салыгын алып салуу керектигин кошумчалады.