Салык карызы бар адамдардын чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салуу тартиби жеңилдейт

  • 3 недели мурун

Мамлекеттик салык кызматы чет өлкөгө чыгууну чектөө тартибин жеңилдетет: эми 50 миң сомго чейин салык карызы бар жарандар алдын ала милдеттүү төлөмсүз өлкөдөн чыга алышат.

Мындай чечимди Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов ведомствонун коллегиясында демилгелеген. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Салык кызматынын төрагасынын айтымында, иш жүзүндө 1000-2000 сомдун тегерегинде карызы бар жарандардын чыгуудан кечигип калган учурлары көп болуп, дарылануу, окуу, иш сапарларын үзгүлтүккө алып келген. Чыгуу үчүн жарандар бюрократиялык жол-жоболордон өтүшү керек болчу: салык карызын төлөө, маалымкат алуу, андан кийин сот аткаруучуларга кайрылуу. Мунун баары жок дегенде 2-3 күнгө созулат.

«Чек арадан өтүп жатканда 50 миң сомго чейинки карызды текшербөөнү сунуштап жатабыз. Андан жогору суммаларды сөзсүз  текшерүү керек. Ал эми кичине карызы барлар өзгөчө шашылыш же маанилүү жагдайлар болгон учурда, жаран тынч учуп барып келиш керек», — деп түшүндүрдү Шыкмаматов.

Жаңы демилге боюнча, эгерде текшерүү учурунда жарандын карызы бар болсо, ал аны ошол жерден QR-коддун жардамы менен төлөп, ашыкча формалдуулуксуз сапарын уланта алат. Жаңычылдыкты жакынкы айларда ишке ашыруу пландаштырылууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты