Алмамбет Шыкмаматов Орусиянын өкмөт башчысына жооп берди
- 2 недели мурун
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустиндин «Кыргызстанда орусиялык ишкерлерге басым жасалып, мамлекет негизсиз дооматтарды коюп жатат» деп айтканына жооп берди. Бул тууралуу AКИpress жазды.
«Өлкө жетекчилиги деп Мишустин мырза туура эмес айтып алды, ал эми опузалоо деп одоно туура эмес айтты. Чарбалык иштерге саясий боёк берилип кетти десек болот. Бул көрүнүш Михаил Мишустиндин колунда объективдүү маалыматтын жоктугунан болушу мүмкүн.
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой өлкө жетекчилиги тескерисинче бардык тармакта коррупциялык схемаларды жоюу, ачыктыкты камсыздоо багытында олуттуу иштерди, реформаларды жасоодо жана бардык мамлекеттик органдардан ушуну талап кылууда. Бул өтө принципиалдуу маселе»,- деген Алмамбет Шыкмаматов.
Салык кызматынын төрагасы мунун айкын мисалын бажыдан көрүүгө болорун билдирген. Анын айтымында, Кыргызстандын бажы тармагында коррупциялык схемалардын жоюлушунун аркасынан 2023-жылы ЕАЭБдин жалпы казынасына 50 миллиард 932 миллион сом төгүлүп, кайра анын жарымы кайтарылганын айткан. Ошондой эле Шыкмаматов бул иштер өлкөнүн салык тутумунда да жүрүп жатканын билдирген. Ал фискалдык саясаттын жакшыртылышынын аркасынан 2024-жылы салыктан 342 млрд. сом түшкөнүн маалымдаган.
Бизде тигинин компаниясы экен, мунун компаниясы экен деген түшүнүк жок. Өзүбүздүн өлкөнүн салык төлөөчүлөрү, же башка чоң мамлекеттин, же башка кичине мамлекеттики, же чоң державаныкы экен деген да бөлүү жок. Бардыгына мыйзамда көрсөтүлгөн нормалары менен салыктар чегерилет жана бардыгы эле ошо менен салыктарын төлөп келе жатышат.
Мыйзам бардыгына бирдей, ал эми салык төлөө — бул ыйык милдет. Төлөбөгөндөрү, атайылап салыкты жашыруу аракеттери болсо, улуттук мыйзамдарыбыздын чегинде тийиштүү органдар иш алып барышат «,- деген ал.
Эске салсак, 31-январда Алматыда Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен жолугуп, анда Мишустин Кыргызстандын мамлекеттик органдары орусиялык компанияларга «кысымын жана негизсиз дооматтарын» токтотушу керектигин талап кылган.
Сүрөт: интернет булактары