Алкоголдук продукцияны өндүрүүнү көзөмөлдөө агенттигинин директору жана Нур&Ай Компани ээси кармалды

  • 7 месяцев мурун

24-апрелде мамлекеттик алкоголдук агенттиктин директору Т.А.А. жана «Нур&Ай Компани» ЖЧКсынын ээси Т.Р.Ж. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча агенттиктин директору Т.А.А. тарабынан этил спиртин атайын керектөөчү «Нур&Ай компани» ЖЧКнын мыйзамсыз аракеттерине колдоо көрсөтүү фактысы боюнча маалыматтар алынган.

«Нур&Ай Компани» ЖЧКсы 2023-жылы этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык жана башка максаттарда пайдаланган атайын керектөөчүлөрдүн жана субъекттердин тизмесине киргизилген. Ага ылайык аталган компания этил спиртин акциз салыгын төлөбөстөн, квота боюнча Кара-Балта мамлекеттик спирт заводунан сатып ала тургандыгы аныкталган.

Ошентип, Нур&Ай компаниясынын жетекчиси Т.Р.Ж. мамлекеттик алкоголдук агенттиктин директору Т.А.А.нын колдоосу менен, белгилүү бир акчалай сыйлык үчүн, сатып алган спирт ичимдиктерин өз багыты боюнча эмес, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жеке жактарына саткан.

Бул мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекеттин кызыкчылыгына өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

24-апрелде мамлекеттик алкоголдук агенттиктин директору Т.А.А. жана «Нур&Ай Компани» ЖЧКсынын ээси Т.Р.Ж. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда коррупциялык схеманын башка катышуучуларына карата андан ары камакка алуу жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты