Кара-Балта спирт заводу этил спиртин импорттоого даяр

  • 2 года мурун

«Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасы КР Президентинин «Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыгына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 10-августунан тарта крахмал камтыган сырьенун негизинде (буудай даны) этил спиртин өндүрүүнү баштады.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда ишкана менен алкоголдук жана медициналык продукцияны өндүрүүчүлөрдүн ортосунда этил спиртин жеткирүү боюнча келишимдер түзүлүп, ал  ишке ашырылууда.

Ушул жылдын 1-сентябрына карата 35 632,53 декалитр «Люкс» классындагы спирт өндүрүлгөн. Жылдын башынан бери 67 миң 453,4 декалитр ректификацияланган этил спирти өндүрүлүп, анын 60 миң декалитрден ашуун көлөмү сатылган.

Маалымат үчүн:

«Кара-Балта спирт заводу» МИ – этил спиртин өндүрүү боюнча толук жабдылган ишкана. Негизги багыты спирт өндүрүшү болуп саналат. Ишкана курамында крахмал бар сырьену (3, 4, 5-класстагы буудай) да, кант камтыган сырьену да (кызылча патока, чийки кант) кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты