«Альфа Телекомдун» экс-башкы директору Азат Базаркулов кармалды

  • 10 месяцев мурун

“Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун мурдагы башкы директору Азат Базаркулов кармалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө айтылгандай, “Альфа Телеком” жабык акционердик коомунда сатып алуулар системасындагы мыйзам бузуулар аныкталды.

Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинин 4-бөлүгү (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянат пайдалануу) менен “Альфа Телекомдун” жооптуу адамдары жеке компаниялар менен алдын-ала сүйлөшүп алышып, алар үчүн жеңилдетилген шартты даярдап, ошону менен тендерлерде ошол компаниялар ута тургандай жеңишти камсыздап турушканы.аныкталды.

Иштин жүрүшүндө тиешелүү экспертизалар дайындалып, сатылып алынган техниканын баасы жогорулатылганы, анын натыйжасында мамлекетке миллиондогон сом зыян келтирилгени белгиленди.

Бул кылмышка шектелип “Альфа Телекомдун мурдагы башкы директору Б.А.Т. кармалганы жана убактылуу кармоочу жайга киргизилгени маалымдалды. Б.А.Т. — Базаркулов Азат Темирканович.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты