Александр Мелентьевдин элесине арналган
чемпионат жыйынтыкталды

  • 2 года мурун

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) “Динамо” спорт комплексинде18-мартта ок атуу боюнча республикалык чемпионат жыйынтыкталды.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, чемпионатка 15 команда катышты. Анда граната ыргытуу, “Калашников” жана “Макаров” куралдары менен ок атуу, ошондой эле биатлон спортунун түрлөрү боюнча күч сынашты.  

1-орунду ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полку, 2-орунду жол кыймылын камсыздоо кызматынын башкы башкармалыгы жана 3-орунду ИИМдин ички аскерлер курама командасы жеңип алды. Жеңүүчүлөр кубок, диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.
Андан сырткары кызматтык көп түрдүүлүк боюнча жеке жетишкендиктери үчүн да байгелер берилди.
Чемпионат 15-мартта ИИМдин “Динамо” спорт комплексинде башталган.

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты