«Алдыда дагы көптөгөн иштерди аткаруу зарыл». Финансы жана экономика кызматкерлерин куттуктоо

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда, финансы жана экономика системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

“Ал эми ички дүң өнүмдүн көлөмүнүн өсүшү калктын жашоо деңгээлине белгилүү бир таасирин тийгизүүдө. Өткөн жылы өлкөнүн номиналдык ички дүң өнүмү 1228,9 млрд сом болуп, реалдуу өсүү темпи 106,2%ды түздү. Бул дүйнөлүк экономикалык кыйынчылыктардын фонунда жакшы жыйынтык. Мамлекеттин коомдук активдери 824,2 миллиард сомду түзүп, акыркы 3 жылда эки эсеге өстү. 2024-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмү 670 миллиард сомду түзөт деп болжолдонууда. Албетте, мындай ийгиликтер сиздердин тандаган кесибиңерге берилүү менен мамиле жасаган, талбаган эмгегиңиздердин, мол тажрыйбаңыздардын жана кесипкөйлүгүңүздөрдүн натыйжасы” деп айтылат куттуктоодо.

Ошону менен бирге жаңы сапаттык деңгээлге чыгуу тууралуу да белгиленди:

“Ошентсе да Кыргызстандын каржы жана экономикасынын бардык тармактарын өнүктүрүүдө жаңы сапаттык деңгээлге чыгуу үчүн алдыда дагы көптөгөн иштерди аткаруубуз зарыл” деди президент.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты