Алдамчылык фактысына шектүү кармалды

  • 11 месяцев мурун

15-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек .Туманбаевдин атын пайдаланып, өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча 1993-жылы туулган К.Ж.Ж. кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, “К.Ж.Ж.  аттуу жаран Туманбаев менен жакын мамиледе экендигин айтып, «Көчмөн сити» турак-жай комплексинин 18 кварталынын курулушуна подряддык жумуштарга уруксат берүүнү убада кылып, жабырлануучудан 100 миң АКШ долларын алганы” аныкталган.

“К.Ж.Ж.нын кеңсесин текшерүү учурунда 60 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү жасалма акчалар, ошондой эле президенттин иш башкаруучусу КаныбекТуманбаевге жазылган жасалма кайрылуулар аныкталып, алынган. Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында К.Ж.Ж. КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып жатат. Белгилей кетсек, мында кошумча кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси (акча жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) боюнча да иш каралууда” деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты