Аламүдүндө мончодон өрт чыкты
- 1 год мурун
Аламүдүндө мончодон өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылында бүгүн, 6-февралда турак үйдүн жанында сарайда жана ага катарлаш мончодо өрт чыгып, толугу менен күйүп кеткен. Ыкчам топ өз аракеттеринин натыйжасында эки кабаттуу турак үйгө тилсиз жоону өткөрбөй сактап калышты.
Маалымат түшөрү менен Ленин райондук №28 ӨКБдан 1 бөлүм, Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы эки күжүрмөн эсеп тартылып, өрттү өчүрүү жумуштарын алып барышты.
Өрттүн болжолдуу көлөмү 100 чарчы метрди түздү. Өрттүн себеби такталууда, жабыркагандар жок.
Муну бөлүшүү




