Аламүдүн суусунан изделип жаткан наристенин сөөгү табылды
- 1 год мурун
Чүй облусунун Аламүдүн суусунан бир жумадан ашык убакыттан бери изделип жаткан наристенин сөөгү 27-июль күнү табылды.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Наристенин сөөгү болжол менен окуя болгон жерден 20 чакырым алыстыктагы “Таштар-Ата” дачасынын аймагында агып өткөн Аламүдүн суусунан жергиликтүү тургун тарабынан табылып, кабарланган. Куткаруучулар кыздын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.
18-июлда Чүй облусунун Аламүдүн капчыгайындагы Аламүдүн суусуна 2022-жылы туулган С.К. кызы аттуу кичинекей кыз түшүп кеткен.
Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү