Аламүдүн РИИБинин тергөөчүлөрү пара алууга шектелип кармалды

  • 3 года мурун

Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, тергөөчүлөр Н. Д. аттуу жарандан алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 70 миң сом өлчөмүндө акча талап кылышкан. 10-ноябрда Бишкек шаарындагы банктардын биринен Б. К. Н. аттуу жарандын банк картасы аркылуу Н. Д.нын өкүлүнөн 70 миң сом алышкан. 12-ноябрда тергөөчү Г. М. Ш. шектүү Н. Д.га карата ачылган алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу жөнүндө токтом чыгарган.

Аталган факт УКМК тарабынан Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү («Опузалап пара алуу») боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды жана тергөөчү Г. М. Ш. УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тийиштүү тергөө иш-чаралары уланууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты