Өзгөн райондук ИИБ тергөөчүсү кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ош облусу боюнча ички иликтөө кызматы менен бирге 150 миң сом өлчөмүндө пара талап кылып жаткан жеринен Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүнн (ИИБ) тергөөчүсүн кармады.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди

Маалыматта айтылгандай, Өзгөн  районунун ИИБ тергөө кызматынын тергөөчүсү К.Б.А. кылмыш жоопкерчилигинен бошотууга көмөк көрсөтүү үчүн, тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалган адамдын жакынынан акча опузалаган.

14-сентябрда 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда К.Б.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты