Аламүдүн районунун Чокморов айылындагы бала бакча мамлекетке кайтарылды

  • 1 год мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Чүй облусунун Аламүдүн районунун Чокморов айылындагы бала бакча мамлекетке кайтарылгандыгын билдирди.

УКМК маалыматында айтылгандай, “2000-жылы мектепке чейинки билим берүү мекемесин жоюу жолу менен атайын администрациялоо процедурасы башталган, андан соң жанаша аймагы  менен кошо бала бакча Чокморов айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилген. Бирок кийин социалдык объект жеке менчикте болуп, максатсыз пайдаланылган. Ошону менен бирге, 2008-жылы инфраструктуранын социалдык объекттерин үчүнчү жактарга ажыратууга тыюу салган колдонуудагы ченемдик-укуктук актыларга карабастан, аталган бала бакча 0,89 га жанаша жайгашкан аймагы менен жеке менчикке өткөрүлүп берилген”.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 2025-жылдын 28-февралында бала бакчанын ээлери кыймылсыз мүлккө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын эске алып, өз ыктыяры менен Чокморов айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп бергендигин кошумчалады.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты