Аламүдүн районунда курал-жарак жана ок-дары сакталган жай табылды
- 3 недели мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз борбору Чүй облусунун Аламүдүн районунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылганын маалымдады.
Жашыруун жерден Ф-1 грнатасы, эски үлгүдөгү болжолдуу «Браунинг 1900» маркасындагы тапанча, МР 371 маркасындагы сигналдык тапанча, төмөнкү калибрдеги патрондор — 7,62 мм – 26 даана, 7,62 х 54 – 2 даана, 5,45 мм – 81 даана, 9.18 – 17 даана, ошондой эле Калашников жеңил автоматынын магазини табылды.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, алынган курал-жарактар жана ок-дарылар баллистикалык экспертиза жүргүзүү үчүн соттук-эксперттик кызматына жөнөтүлдү.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү