Аламүдүн районунда үй куруу үчүн сатылып кеткен айдоо жерлери калыбына келтирилди

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында айыл чарба жерлерин турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатылып кеткен жер тилкелери калыбына келтирилди.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) басма сөз кызматы билдирди.  

19-мартта Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылынын «Өскөн-Ордо-2» конушуна барып, мыйзамсыз орнотулган 98 электр мамыча жана 4 контейнер далил буюм заты катары алынып, төгүлгөн шагылдары түрттүрүлдү.

6-мартта Аламүдүн райондук ИИБ кызматкерлери тарабынан Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн аймагында 64,5 га айыл-чарба багытындагы жер тилкелеринде мыйзамсыз фундамент куюлуп, орнотулган электр-мамычаларга электр линиялары өткөрүлүп, мыйзамсыз курулуш иштери жүргүзүлүп жаткандыгын аныкталган.

9-мартта аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 212 беренеси (Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда 1970-жылы туулган К.Т. аттуу жаран Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылынын айыл чарба багытындагы жерлердин багытын бузуп, өзү билемдик менен электр мамычаларын жана шагыл менен жайылтып жол жасап, учатокторго бөлүп турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатып жатканы аныкталган.

Бул факты боюнча К.Т. аттуу шектүүгө  11-мартта кылмыш-жаза кодексинин 212-беренеси менен айыбы угузулуп, Аламүдүн райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы 1 айга, 9-апрелге жылга чейин камакка алынган

Сүрөт: Чүй ИИБ.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты