Аламүдүн райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкери кармалды

  • 2 года мурун

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Аламүдүндөгү филиалынын кызматкери ушул райондун  аймагында жайгашкан бакча-дача участогуна мамлекеттик актыны берүү үчүн К.П.К. аттуу жарандан 100 миң сом акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

3-августта «Кадастрдын» Аламүдүн филиалынын административдик имаратында 100 миң сом алып жаткан жеринен Аламүдүн районундагы филиалынын жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча убактылуу жетектөөчү адиси Д. к. Г. кармалды. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты