Аламүдүн капчыгайында дайынсыз болгон адамды издөө улантылды
- 3 месяца мурун
Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы жаранды издөө кайрадан бүгүн, 22-январда улантылды.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 22-январда, саат 9:30га карата жалпы 273 адам чыкса, анын 163ү ӨКМ куткаруучусу. Алар 5 дрон, 10 техника менен капчыгайда издөө ишин башташты.
Ал эми ИИМдин 110 адам 1 дрон, 4 техника менен чыгышты. Жалпы 14 техника тартылды.
14- январь күнү 1996-жылы туулган Маматалы уулу Мухамедаалы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Ал акыркы жолу 14-январга караган түнү, саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле Аламүдүн капчыгайында «Жаннат Резорт» мейманканасындагы камерасына тоо жакты көздөй бара жатканы түшүп калганы аныкталган.
20-январдан баштап Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы жаранды издөө иштери убактылуу токтотулган.
Жаранды издөө иши өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жүрүүдө.
Сүрөт: ӨКМ