Аламүдүн “Кадастр” ишканасынын директорунун орун басары жерди пара катары алууга шектелүүдө

  • 9 месяцев мурун

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалынын директорунун орун басары Э.А.А. 15 сотых жер тилкени пара катары алууга шектелүүдө.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Көк-Жар айылынын 172, 544, 549-556, 552-контурларындагы жер тилкелеринин алынышынын мыйзамдуулугун текшерүүдө 2007-жылы №544 контурдан жарандарга 4,3 гектар айыл чарба жерлери бөлүнүп берилгени такталган.

Узак убакыт бою аталган аймак өз максатына ылайык пайдаланылбай, менчик ээлери аны майда участокторго бөлүп, жеке турак жай куруу үчүн сатууну көздөшкөн. Трансформацияга мүмкүнчүлүк болбогондуктан, Э.А.А. жер тилкени трансформациялоого көмөк көрсөтүүнү сунуштап, сыйлык (пара) катары ошол эле аймактан 15 сотых жер тилкесин ээлеп алган. Аталган жер тилкеси жээни болуп эсептелинген адамга катталган.

А.Э.Э. кармалып, жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты