Алайдагы жолборс, Таш-Көмүрдө табылган селебекуйруктар. Интернетти байырлаган фейктер
- 1 месяц мурун
- Фактчекинг
Акыркы учурда кыргыз тилдүү соцтармактарда Кыргызстандын аймагында тартылып алынды делген өзгөчө жаныбарлар тууралуу видеолор тарап жатат. Мисалы, Алайда тартылып алынган жолборс жана Таш-Көмүрдө табылган селебекуйруктар (орус. мечехвосты). “Политклиника” медиасы соцтармактарда тараган бул видеолорду текшерип көрдү.
Алайда тартылган жолборс
21-ноябрда Инстаграм соцтармагына bia.kg_official баракчасы “Күтүлбөгөн окуя! Алайда айдоочунун алдынан жолборс чыга калган” деген аталыштагы видео жарыялаган. Видео 29 миңден ашык лайк топтоп, 10 миңден ашык жолу башкаларга бөлүшүлгөн. Посттун алдына 1 миң 700 дөн ашык комментарий жазылган.
Видеонун алдына автор: “Алайда жол боюнда жолборс пайда болду: айдоочу таң калычтуу көрүнүштү видеого тартып алды. Алай өрөөнүндө күтүлбөгөн окуя катталды. Жолдо кетип бара жаткан айдоочу жол боюнан чыга калган жолборсту көрүп, аны видеого тартып алган… Күбөнүн айтымында, жаныбар жол четинде бир аз туруп, кайра токой тарапка кирип кеткен. Окуя так кайсы жерде болгону жана жаныбардын аймакка кандайча келгендиги азырынча белгисиз”,- деп жазган.
Жогорудагы видео мындан бир ай мурун Орусияда да тарап, резонанстуу болгон. Анда интернет колдонуучулары ушул эле видеону Орусиянын Амур, Кемеров облустарынан, Бурятия жана Ханты-Мансийск аймактарынан “көрүшкөнүн” жазышып, таратышкан.
Бул маалыматты Орусиядагы амур жолборсторун коргоо жана сактоо боюнча уюм — “Амурский тигр” борборунун адистери изилдеп көрүшкөн. Жыйынтыгын өзүлөрүнүн Телеграм каналына жарыялашкан.
Анда: “Биз өткөн аптада көптөгөн жолборс фейктеринин негизин түзгөн видеону таба алдык окшойт. Биз мунун ишенимдүүлүгүн 95% деп эсептейбиз”,- деп жазылган. Алар оригинал видео интернетте тараган фейк видеолордон узагыраак экендигин жана видеодогу үн да чындыкка дал келерин да жазышкан. “Амурский тигр” борбору видео болжолу менен былтыр кышында Хабаровск крайындагы Лазо атындагы райондун Обор кыштагынын чет жакасында тартылган болушу мүмкүн экендигин белгилеген.
Жолборс тууралуу бул видео Казакстанда да тарап, анда бир жаран жоопкерчиликке тартылган. 20-ноябрда “Спутник Казакстан” агенттиги “Казак аял жолборс тууралуу жалган билдирүү үчүн айыпка жыгылды”,- деген кабар жарыялаган. Анда аталган жаран жогорудагы биз сөз кылган видеону “Караганды облусунда жолборс жүрөт” деген жалган маалымат менен кошо тараткандыгы үчүн Темиртау шаарынын полициясы аны административдик жоопкерчиликке тартып, айып пул салгандыгы айтылат.
Демек бул видео — интернетте көп таралган фейк жана ал таптакыр Кыргызстандын аймагында тартылган эмес.
Таш-Көмүрдө табылган селебекуйруктар
13-октябрда Инстаграмдагы cheber_media баракчасы “Таш көмүрдө эмне эле болуп жатат?” деген аталыштагы видео жарыялаган. Видеого 8,5 миңден ашык лайк басылып, 6,8дөн ашык башкаларга бөлүшүлгөн. Ошондой эле колдонуучулар 620 комментарий калтырышкан.
Видеодо бир адам жерде жөрмөлөп жүргөн селебекуйруктарды колуна көтөрүп жатканын көрүүгө болот. Анда адам: “Таш-Көмүрдүн талааларынан ушундай жандыкка кезигип калдык. Туугандар, ким билет атын?”,- деп сүйлөгөн.
Бул видео жасалган. Чындыгында ал Кыргызстанда тартылган эмес. Видеонун автору Дэвид Орин (David Orin) — америкалык блогер. Ал өзүнүн Инстаграм баракчасына жана Ютуб каналына ар кандай сойлоп жүрүүчү, муздак кандуу жандыктарды сүрөткө, видеого тартып, киргизип турат. Ал биз жогоруда сөз кылып жаткан селебекуйруктар жөнүндөгү видеону өзүнүн Ютуб каналына ушул жылдын 31-мартында жүктөгөн. Мындан улам кыргыз баракчасынын автору видеого өзүнүн үнүн кошуп жасап, жалган сенсация жаратуу үчүн жарыялаганын билүүгө болот.
Жыйынтык: Алайда тартылып алынган жолборс менен Таш-Көмүрдө табылган селебекуйруктар тууралуу видеолор — фейк. Интернеттеги маалыматтардын баары чындык эмес. Аларды сын көз-караш менен окуп, кабыл алганга аракет кылыңыз.