Алайда Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган эл аралык айтыш өтөт

  • 2 месяца мурун

Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине арналган кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өткөрүлөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маданий иш-чараны маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Кыргыз улуттук “Манас” театры уюштурууда.

Тандоо туру 11-сентябрда саат 9:00дө Гүлчө айылында Алай райондук маданият үйүндө өтөт.

 Каттоо: саат 09:00–10:00 аралыгында

Фианлдык айтыш 12-сентябрда Алай районундагы Алымбек датка жайлоосунда, мааракеге келген калың эл алдында өтөт.

Байге фонду — 6 млн сом.

Иллюстрациялык сүрөт: Маданият министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты