4-ноябрда Алай районунда жер бир нече жолу титиреди

Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, Ош облусунун Алай районунда 4-ноябрда саат 20:50дө сейсмостанциялары очогунда күчү 3,5 балл болгон жер титирөөнү каттады. Саат 16:10дө очогунда 3 балл, саат 3:34тө очогунда күчү 5,5 балл болгон жер титирөө катталды. Саат 03:44тө очогунда  3,5 баллга жеткен, саат 4:50дө очогунда 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.    

Акыркы афтершок. 4-ноябрда саат 20:50дө сейсмостанциялар очогунда күчү 3,5 балл болгон жер титирөөнү каттады. Жер титирөөнүн очогу Алай районунун Бор-Дөбө айылынан 6 чакырым түштүк-чыгышта, Сары-Таш айылынан 28 чакырым түштүк-чыгышта, Ош шаарынан 126 чакырым түштүк чыгышта катталган. Жер титирөөнүн күчү Бор-Дөбө айылында 3,5 балл болду.

4-ноябрда саат 16:10до очогунда күчү 3 балл болгон жер титирөө катталды. Бор-Дөбө айылында 3 балл болду.

4-ноябрда саат 3:34тө очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн күчү Бор-Дөбө айылында 5 баллга жакын, Талды-Суу, Арча-Булак, Сары-Могол айлыдарында 4 балл, Дароот-Коргон, Нура айлыдарында 3 баллга жеткен.    

4-ноябрда саат 3:44 тө очогунда 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу Бор-Дөбө айылына 1 чакырым жакын аймакта болгон. Жер титирөөнүн күчү Бор-Дөбө айылында 3,5 балл болгон.

4-ноябрда саат 4:50 дө очогунда 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн күчү Бор-Дөбө айылында 4,5 баллга жакын, Талды-Суу, Сары-Таш, Кара-Киндик, Сары-Могол, Нура айлындарында 3,5 баллга жакын болгон.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты