Алай райондук сотунун жаңы имаратынын ачылышы болду

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 27-майда, Ош облусунун Алай райондук сотунун жаңы имаратынын ачылыш аземи болду

Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Ачылыш аземге Жогорку сот төрагасы Замирбек Базарбеков, сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев,  Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев, Ош облустук сотунун жана райондук соттордун судьялары, Ош облусу боюнча президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Жантаев жана Алай районундагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Жогорку сот төрагасы судьялар жана сот кызматкерлери үчүн заманбап талаптарга ылайык шарттарды түзүү максатында сотторго имарат салып же алып берүү багытында иштер жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалады. Мисалы, Кара-Суу райондук соту, Таш-Көмүр шаардык соту үчүн имараттардын курулушу башталып, Ысык-Көл, Кара-Көл  жана Кочкор райондук сотторуна аянты кенен, ыңгайлуу жерде жайгашкан имараттар берилди. Ал эми  Ош шаарында Сот адилеттик үйүн ачуу үчүн атайын аянты чоң имарат бөлүнүп, жакын арада оңдоп-түзөө иштери башталат.

Алай райондук соту көчүп кирген имарат 1982-1983-жылдары Жол эксплуатациялык башкармалыгы менен Курулуш башкармалыгынын  мекеме-ишканалары үчүн кеңсе катары курулган. Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын балансына 2019-жылы мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик  актынын негизинде өткөрүлүп берилген.

Аталган имараттын капиталдык оңдоо иштерине жалпысынан 28 млн сомдон ашык каражат жумшалган.

Бүгүнкү күндө административдик имаратта 25 кызматкер эмгектенет. Алардын ичинде  эки судья, жети аппарат жана сегиз техникалык жана кенже тейлөө кызматкерлери, ошондой эле 3 сот аткаруучу жана 4 сот приставы бар.

Сүрөт: Жогорку сот басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты