Алай райондук ИИБ башчысынын орун басарына пара сунуштаган жаран кармалды

  • 9 месяцев мурун

30-сентябрда Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) өндүрүшүндөгү кылмыш иши боюнча шектүү катары өтүп жаткан жарандын бир тууган агасы, ишти оң жагынан чечип берүү үчүн ага пара катары акча каражаттарын сунуштаганы маалым болгон. 

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.   

Маалыматта айтылгандай, аталган факты  боюнча  Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинде (Пара берүү) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.  
 
Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирге ИИМдин ички иликтөө кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн, жергиликтүү прокуратуранын катышуусу менен жүргүзүлгөн атайын тергөө аракеттеринин жыйынтыгында, Алай районунун тургуну 1993-жылы туулган И.уулу Ж. Алай РИИБдин башчысынын орун басарына пара катары 70 миң сом берүү учурунда кармалган. 

Кармалган жаран Алай райондук ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөт: mvd.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты