Бишкекте «Ала-Тоо» аянтында музыкалык кече өтөт

  • 8 месяцев мурун

Бишкек шаарынын мэриясы борбор шаардын тургундарын жана конокторун “Ачык асман алдындагы музыкалык кечелер” концертине чакырат.

22-августта саат 19:00дө борбордук «Ала-Тоо» аянтында Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен президенттик «Манас» камералык оркестри жаңы концерттик сезонун ачат.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Кечени  маэстро Медет Осмонов жетектейт. Анын жетектөөсүндө оркестр менен бирге Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисттери: Полина Попикова, Элгиз Бейшенбаев, Аяна Бекенова жана Атахан Айбек уулу сахнага чыгышат.

Кирүү акысыз.

Иллюстрациялык сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты