“Ала-Тоо” аянтында жаңы жылдык балаты жандырылды

  • 2 месяца мурун

Кечээ, 14-декабрда кечинде, Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысын салтанаттуу жандыруу аземи өттү.

Салтанаттын ачылышында шаардын мэри Айбек Жунушалиев жана Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Бекжан Усеналиев куттуктап, шаардын тургундары үчүн биримдиктин жана майрамдык маанайдын маанисин баса белгилешти.

Майрамдын коноктору үчүн кызыктуу көңүл ачуучу программа даярдалды. Сахнада Кыргызстандын белгилүү артисттери Гүлзинат Суранчиева, Аваз Акимов, Айдана Дека, Арсен, Кудайберди Айтбосунов, “Тамга” тобу, Шухрат Якубов, Нурмат Садыров, Айгерим Расул кызы, Сыймык Бейшекеев, Айганыш Абдиева, Абир Касенов, Сайкал Садыбакова жана Айар өз өнөрлөрүн тартуулады.

Мындан тышкары, балдар үчүн мастер-класстар, аниматорлор жана муз тебүү аянты уюштурулду.

Аянтта түрдүү тамак-аш жана суусундуктар сунушталган фуд-зона ачылды.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты