Ала-Тоо аянтын Жаңы жылга жасалгалоо иштери башталды
- 3 месяца мурун
Өткөн жылы Жаңы жыл майрамына карата Ала-Тоо аянтын жасалгалоого ишкер шериктештер 28 млн сомго жакын каражат короткон. Быйылкы салым андан да көп болмокчу.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, мурдагы жылдагыдай эле мэрия бизнес өкүлдөрү менен иштешип, алар бюджетке оордук келбегидей кылып, салымдарын кошууда.
Ала-Тоо аянтын жасалгалоодо муз аянтчасы орнотулат. Өткөн жылы ал муз аянтчасынын аянты 400 чарчы метр болсо, быйыл 1400 чарчы метрге чейин жетет. Эгер күн жылуу болсо, муз аянтчасынын иштешин камсыз кылуу үчүн саатына 30 кВт электр энергиясы коротулат.
Жакын арада аянттын эс алуу жана фуд аймагын жасалгалоо иштери башталат. Ал эми электр энергиясын үнөмдөө үчүн чакан үйлөрдүн саны 36дан быйыл 14кө түшүрүлдү. Ошондой эле ал чакан үйдөрдө электр энергиясын коротуу эки эсеге азайтылды. Ал жакта 2 кВт электр энергия коротулат.
Өткөн жылы шериктеш ишкерлер аянтты жасалгалоого 28 млн сомго жакын короткон. Быйыл ал каражат дагы көбөймөкчү, анткени реквизит, сейилдөө жайы, эс алуу жайы, чакан үйлөр жана декоративдүү жасалгалар жаңыртылат.
Бишкекте Жаңы жылга карата Ала-Тоо аянтын кооздоо башталды. Быйыл борбордук аянтты кооздоодо тынчтык жөнүндө мыйзамды жана электр энергиясын үнөмдөө маселеси эске алынууда.
Муниципалдык кызмат Жаңы жылдык балатыны орнотуп жана жасалгалайт. Негизинен балатыга мурдагы жылдарда сатып алынган жарык чачып турчу гирлянды, оюнчуктар жана башка жасалгалар коюлат.
Мэрия белгилегендей, кийинки үч жылда гирляндылар жаңыртылган эмес, ошондуктан жарыкты үнөмдөгөн гирляндылар сатылып алынат. Балаты жасалгалангандан кийин саатына 53 кВтэлектр энергиясы коротулат.
Массалык иш-чаралар саат 22:00 гө чейин болот.
Сүрөт: bishkek.gov.kg




