Ала-Бука районунда дүкөн өрттөөнү уюштурууга шектүү жарандар кармалды
- 2 месяца мурун
- Видео
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) жана Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы (ИИБ) менен бирге жүргүзгөн иш-чаранын натыйжасында, 2011-жылдан бери КР ИИМдин каттосунда турган, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, Ала-Бука районунун А.А.Н. аттуу тургуну ыкчам-издөө иш-чаралардын жүрүшүндө кармалды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай » А.А.Н. 2025-жылдын 11-январынан тартып Россиянын аймагында болуп, шериктери аркылуу Ала-Бука районунун Өрүктү айылында жайгашкан «Мурас» жана «Мурас 2» азык-түлүк жана курулуш дүкөндөрүн өрттөтүп жибергендиги аныкталган. Кылмышты жасоого А.А.Н. жана дүкөндөрдүн ээси Б.З.Т. жеке кастык мамилелери, өч алуу максаты себеп болгон. Окуянын кесепетинен келтирилген материалдык чыгымдын көлөмү болжол менен 43 миллион сомду түзгөн».
Ошондой эле бул фактыга байланыштуу өрттү уюштурган Ош облусунун тургундары жана «З.А.Т.», «К.А.Т.», «Н.у.У.» аттуу жарандары жана ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган жана ортомчунун ролун аткарып жүргөн, Ала-Бука районунун жашоочусу А.Н.З. кармалган.
Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.





Баш сүрөт: Видео тасмадан
Шектүүлөрдөн сүрөттөрү: УКМК басма сөз кызматы