Ала-Бука районунда айыл өкмөт башчы жана жергиликтүү кеңеш депутаты кармалды

  • 1 месяц мурун

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Балтагулов айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Н.Б. кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай,  Н.Б. жергиликтүү кеңештин учурдагы депутаты С.Ж. менен тил табышып, 2023-2024-жылдар аралыгында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин берүүнү убада кылып, жергиликтүү тургундардан 100 миң сомдон 300 миң сомго чейинки акча каражатын алганы аныкталган. Ошол эле учурда Н.Б. жайгашкан жерин көрсөтпөстөн жеке турак-жай куруу үчүн аларга жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча 136 жасалма буйрук чыгарган. Жергиликтүү тургундарга келтирилген зыяндын суммасы алдын ала 10 млн.сомду түзгөн.

Ошондой эле, айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Б. бизнестеги 20% үлүш үчүн жогорудагы айылдык Кеңешинин депутаты С.Ж.га ресторан куруу үчүн 1 гектар жер тилкесин мыйзамсыз бергени аныкталган.

Учурда кармалган адамдар КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Ала-Бука районунда айыл өкмөт башчы жана жергиликтүү кеңеш депутаты кармалды
Ала-Бука районунда айыл өкмөт башчы жана жергиликтүү кеңеш депутаты кармалды

Иллюстрациялык баш сүрөт: Интернет булактарынан

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты