Ала-Бука райондук жайыт комитетинин төрагасы пара талап кылып  кармалды

  • 8 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы К.у.К. акча талап кылуу фактысы боюнча кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

УКМКга Өзбекстан жараны өзбекстандык жарандарга жарандарына таандык 9 баш бодо малды мыйзамсыз кармап, ээсине кайтарып берүү үчүн 2000 АКШ доллары талап кылып жаткан Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагынын “Жайыт комитетинин” төрагасы К.у.К.га  чара көрүү боюнча кайрылган.

Бул фактынын негизинде УКМК тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда (Опузалоо) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жаран К.у.К. талап кылынган акча каражатынын бир бөлүгү 1000 АКШ доллары өлчөмүндөгү сумманы алып жаткан жеринен кармалып, кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө-абагынын убактылуу кармоочу жайына 2 айлык мөөнөткө киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланып жатканы айтылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты