Ала-Бука прокуратурасынын тергөөчүсү пара менен кармалды

  • 11 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук боюнч мамлекеттик комитети (УКМК)  башкы прокуратура менен бирге 14-июнда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук прокуратурасынын имаратында прокуратуранын улук тергөөчүсү А.А.К. 100 000 сом пара алып жатканда кармады.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

А.А.К. өзү тергеп жаткан О.Э.га Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук сотунда каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн акча талап кылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты