Ала-Арча капчыгайында изделип жаткан кыздын сөөгү табылды
- 1 год мурун
Ала-Арча капчыгайында изделип жаткан кыздын сөөгү табылды. Андан мурдараак атасынын сөөгү табылганы кабарланган.
3-август күнү чыгып кетип, 1982-жылы туулган М. Б. жана 2015-жылы туулган кызы дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Саат 9:53тө изделип аткан адамдын сөөгү Ала-Арча суусунда жаткандыгы тууралуу маалымат ыктыярчылар тарабынан «112» кызматына кабарланган.
Сууга агып кеткен жарандын сөөгүн куткаруучулар саат 15:30да таап, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Андан бир нече сааттан соң кыздын сөөгүн таап, аны да өткөрүп беришти.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү