Ала-Арча капчыгайында дайынсыз болгон кишинин сөөгү табылды. Кызы изделүүдө
- 9 месяцев мурун
Ала-Арча капчыгайына 3-август күнү чыгып кетип, 1982-жылы туулган М. Б. жана 2015-жылы туулган кызы дайынсыз болуп атканы тууралуу маалымат түшкөн. Бүгүн, 6-августта, саат 9:53тө изделип аткан кишинин сөөгү Ала-Арча суусунда жаткандыгы тууралуу маалыматты ыктыярчылар “112” кызматына кабарлашкан.
Сууга агып кеткен жарандын сөөгүн куткаруучулар саат 15:30да таап, суудан алып чыгып, ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми өспүрүм кызды издөө уланууда.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигигин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү