Акыркы кабар. “Апрель ТВ” жабылганын билдирди

  • 11 месяцев мурун

“Апрель ТВ” долбоору Телеграм-каналында акыркы кабар жазып, долбоор аягына чыкканын билдирди.  

“Акыркы кабар. “Апрель ТВ” долбоору аягына келип жетти. Урматтуу биздин окурмандар жана көрүүчүлөр! Бир нече жыл биз менен бирге болгонуңуздар үчүн кайрадан ыраазылык билдиребиз. Сиздердин колдооңуздар жана сын пикириңиздер үчүн, Кыргызстандын көйгөйлөрүнө көңүлкош болбогонуңуздар үчүн жана биздин чакан ЖМКга көңүл бурганыңыздар үчүн ыраазылык билдиребиз. Соңку айларда биздин редакцияга болгон кысым чегине жеткенде, биз сиздердин болуп көрбөгөндөй колдооңуздарды сезип турдук.

Биздин аракет текке кетпегенин, Кыргызстанга эркин жана көз карандысыз ЖМК керектигин, чынчыл журналисттер жана платформа керектигин түшүндүк. Биздин редакция жабылгандан кийин да маалымат айдыңында андай ЖМК жана журналисттер болоруна бөркүбүздөй ишенебиз.

Ал эми “Апрель ТВ” жөнүндө айтсак, мурда белгилегендей, биздин редакцияны жабуу тууралуу соттун чечими канчалык адилетсиз болсо да, аткарылышы керек. Мыйзамсыздык акырындап норма болуп бараткан учурда, кимдир бирөө мыйзамды сакташы керек. Биз “Апрель ТВны жаап жатабыз.

Мезгил кайталана берет, апрель айынан кийин май айы келет, андан кийин күз жана кыш. Анан кайрадан жаз. Советтик ырда ырдалгандай, мунун баары эмне менен аяктайт? Кайрадан апрель келет… деп билдирди “Апрель ТВ” акыркы кабарында.    

2025-жылы 9-июлда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту прокуратуранын талабын канааттандырып, “Апрель” телеканалын жабуу, анын социалдык тармактардагы баракчаларын бөгөттөө чечимин кабыл алды.

Буга чейин «Апрель» телеканалы 2025-жылдын 4-июлунда Октябрь райондук сотунда карала турган ишке байланыштуу жабылышы ыктымал экенин билдирип, коомчулукка расмий кайрылуу жасаган.

Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасы “Апрель” телеканалын жабуу боюнча доо арыз менен сотко кайрылган.

Телеканал билдиргендей, өткөн жылдын ноябрь-декабрь айларында эле телеканалдын ишмердиги боюнча үч экспертиза жүргүзүлгөн, Юстиция министрлигинин соттук-эксперттик кызматынын, Саламаттык сактоо министрлиги алдындагы республикалык психиатрия жана наркология кызматынын экспертизасы жана Улуттук илимдер академиясынын экспертизасы жүргүзүлгөн. Аталган үч экспертизаннын жыйынтыгы боюнча “Апрель” телаканалынын бардык материалдарында азыркы бийликке карата терс пикирлер орун алгандыгы айтылган.

Сүрөт: «Апрель ТВ»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты