Акын жана журналист Гүлжамила Шакирова көз жумду

  • 10 месяцев мурун

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын жана журналист Гүлжамила Шакирова мезгилсиз көз жумгандыгын анын кесиптештери социалдык тармакка жазды жана ЖМКга билдирди.

Маалыматтарга караганда, Гүлжамила Шакирова Нарын облсунун Ак-Талаа районундагы Жаңы-Тилек айылында 1955-жылы 28-декабрда туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. 1993-жылдан Кыргыз теле ралио компаниясында «Казына» чыгармачылык бирикмесинде «Нуска» аттуу автордук программасын, «Дил жаңырыгы» программасын эфирге даярдап, алып барып жүргөн. Аны жакында гана ардактуу эс алууга узатышкан.
1987-жылы «Сапардагы каркыра» деген алгачкы ыр китепчеси жарык көргөн.
1991-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун жана Кыргызстан кол өнөрчүлөр союзунун мүчөсү болгон.
Гүлжамила Шакирова Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер . Анын “Сапардагы каркыра”, “Даанышман кеп”, “Дилазык”, “Карайлаба, кан Манастын тукуму” ырлар жыйнагы жарык көргөн.  

Акыркы сапарга узатуу 27-июнда Ак-Талаа районунун Жаңы Тилек айылында саат 11:00.ге белгиленгени кабарланды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты