«Акылман” лицейи билим берүү министрлигинин карамагынан чыгарылып, түздөн-түз президентке баш иет

  • 4 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров “Акылман” президенттик лицейи тууралуу жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, аталган лицей билим берүү министрлигинин карамагынан чыгарылат жана түздөн-түз президентке баш иет.  

“Акылман” лицейи президенттик фонддун эсебинен каржыланат.

Лицейдин жогорку башкаруу органы болуп көзөмөлчүлүк кеңеши эсептелет, президент анын төрагасы болуп саналат.  

Мындан алиы ай мурда президенттин жарлыгы менен Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик адистештирилген жалпы билим берүү уюму формасында “Акылман” президенттик лицейи түзүлгөн.

Андагы маалыматта айтылгандай,  “Акылман” президенттик лицейине кабыл алуу окуп жаткандардын кызыкчылыктарын жана өзгөчөлүктөрүн эске алып, аларды окутуунун айрым предметтерин жана деңгээлдерин тандоо жолу менен окуу процессин индивидуалдаштыруу каралган Министрлер кабинети аныктаган тартипте жалпы билим берүү уюмдарынын 6-класстарын аяктаган окуп жаткандардын ичинен жүргүзүлөт;

Ал кезде “Акылман”  президенттик лицейи билим берүү жана илим министрлигине караштуу болчу.

Сүрөт: Үч ай мурун президент «Акылман» лицейинде болгон. Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты