Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Талас облусуна барды

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Талас облусунда жүрөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, сапардын жүрүшүндө Акылбек Жапаров аймактын өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары каралуучу Талас облусунун коллегиясына катышат, «Манас-Ордо» комплексине барат, кант заводунун жана сүттү кайра иштетүүчү ишкананын иши менен таанышат.

Министрлер кабинетинин башчысы мындан тышкары Киров суу сактагычына барып, «Бала-Саруу» гидроэлектростанциясынын курулуш долбоору менен таанышары айтылган.

Сапардын соңунда Акылбек Жапаров магистралдык каналды реконструкциялоо иши менен таанышмакчы.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов дагы Талас облусунда жумушчу сапар менен болуп кеткен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты