Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Казакстанга жөнөп кетти

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Казакстанга жөнөп кетти. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жапаров сапардын алкагында 24-25-февралда Нур-Султан шаарында өтүүчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат жана бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны алкагында Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрүндөгү макроэкономикалык абал, интеграциялык бирикменин бажы аймагына ташылып келинген товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашууну жана жүктөрдү көзөмөлдөө үчүн ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшү каралат.

Ошондой эле 2022–2023-жылдарга Биримдикке мүчө өлкөлөрдө жарандык авиакурулуш жаатындагы өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүү боюнча жол картасы талкууланат. ЕАЭБ интеграцияланган маалыматтык тутумунун учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү келечеги, ошондой эле ЕАЭБдеги өнөр жайдын инструменттерин баалоо жана мамлекеттик колдоо көрсөтүү деңгээли тууралуу баяндама жасалат.

Мындан тышкары жыйында «Евразиялык агроэкспресс» тездетилген контейнердик темир жол рельси жана айыл чарба продукциясын мультимодалдык ташууну ишке ашыруу боюнча мүчө мамлекеттердин биргелешкен долбоору жана башка бир катар маселелер каралмакчы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты