Акылбек Жапаров Вашингтондо иш сапары менен жүрөт

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Вашингтон шаарында иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинети өз ишинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо, коопсуз энергетика жана экологиялык балансты сактоо жаатындагы долбоорлорду, анын ичинде Глазго шаарында өткөн Климат боюнча дүйнөлүк лидерлердин саммитинде жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө маани берет. 

Иш сапардын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучулар кеңешинин ар жылдык жыйынына катышат. Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыктын 30 жылдыгынын алкагында бир катар жолугушууларды өткөрөт. 

Бул жолугушууларда экономиканы жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, энергетика тармагына инвестиция тартуу жана кичи ГЭСтерди жана Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга байланыштуу маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланат. 

Расмий делегациянын курамына финансы министри Алмаз Бакетаев жана юстиция министри Аяз Баетов кирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты