Акылбек Жапаров “Вайлдберриз” негиздөөчүсү Татьяна Бакальчук менен жолугушту

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Вайлдберриз” компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Татьяна Бакальчукту кабыл алды. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар электрондук коммерцияны өнүктүрүүнүн келечегин жана “Вайлдберриз” базарынын алкагында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. 

МинКаб Төрагасы белгилегендей, Министрлер Кабинети чакан бизнести өнүктүрүү үчүн бардык күчтү жумшоодо, өзгөчө “ата мекендик продукцияны экспорттоого тиешелүү болсо”.

Анын алкагында Кыргыз Республикасынын улуттук почта оператору “Кыргызпочтасы” менен кызматташууну өнүктүрүү маселеси талкууланды.

Өз кезегинде Татьяна Бакальчук Кыргыз Республикасындагы жеңил өнөр жайынын өнүгүшүнө жогору баа берип, “кыргыз өндүрүшүнүн товарлары Вайлдберризде өзгөчө орунду ээлегендигин” белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар инвестициялык долбоорлорду талкуулашты, тактап айтканда, компания Чүй облусунун аймагына ири логистикалык борбор курууга кызыкдар экенин билдирди.

МинКаб Башчысы “мамлекеттик органдардын жетекчилеринин эшиги инвесторлор үчүн 24/7 ачык” экенин белгилеп, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө “логистикалык борборду куруу боюнча бир нече варианттарды сунуштоону” тапшырды.  Белгилей кетсек, “Вайлдберриз” компаниясынын негиздөөчүсү Кыргызстанга 23-июнда Бишкекте өтө турган электрондук сооданы өнүктүрүү форумуна катышуу үчүн

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты